Бүгүн, 28-апрелде Бишкек шаарынын 12-кичи районунда Бишкек гарнизонундагы офицерлерге жана келишимдик кызматтагы аскер кызматкерлерине 27 батирдин ачкычтары тапшырылды. Иш-чарага Президенттин аппарат жетекчиси Сапар Исаков, Коопсуздук Кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров, КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы, генерал-майор Раимберди Дүйшенбиев катышты.
Сапар Исаков өз сөзүндө батир ээлерин куттуктап, алардын турак жай менен камсыздалышы мамлекеттин жетишкендиги экенин белгиледи.
Батир алгандардын катарында 24 жылдан бери Генералдык штабда аскер кызматкери болуп иштеген полковник чининдеги Азат Хайбулов дагы бар.
"Мамлекетке ыраазычылыгымды билдирем. Кубанычымда чек жок, 3 балам бар. Бала чагымда аскер кызматкери болууну кыялданчумун. Кесибиме болгон сүйүүмдөн улам 24 жылдан бери ыйык милдетти аткаруу менен иштеп келем", - дейт Хайбулов.
Маалыматка караганда, батирлер комиссиянын чечими боюнча, аскер кызматкерлеринин иш тажрыйбасына, эмгек ишмердүүлүгүнө баа берүү менен берилди.