Парламенттеги аялдардын саны боюнча Кыргыз өлкөсү дүйнө боюнча 101-орунда турат. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде “Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тыгыз байланышы аркылуу эффективдүү иш алып баруу” тууралуу жыйында айтылды.
Маалыматка ылайык, 40-орунда Тунис, 50-орунда Ооганстан, 55-орунда Казакстан турат.
Жыйынга Жергиликтүү кеңештерден 125 аял депутат, Жогорку Кеңештеги аял депутаттар жана аялдардын укугун коргогон уюмдардын өкүлдөрү катышты. Аялдарга депуттык мандатты алуу өтө чоң эмгек менен кыйынчылыкты жаратарын ЖКнын депутаты, Аялдар форумунун төрайымы Эльвира Сурабалдиева айтты.
“Биз парламентке чоң кыйынчылык менен келдик. Жергиликтүү кеңештин аял депутаттары сиздерге андан да кыйын болгон чыгар. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы шайлоонун жыйынтыгында 3 миң 125 мандаттын 243ү гана аялдарга берилген”, - дейт депутат.
Жыйында кыз ала качуу, аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулукту жоюу маселелери да талкууланды.