Кыргыз Республикасынын президентинин аппарат жетекчиси Сапар Исаков 27-апрелде ишкерлер менен жолукту. Бул тууралуу аппараттын басма сөз кызматы бүгүн, 28-апрелде кабарлады.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга “Таза коом” аттуу улуттук жогорку технологиялык долбоор тууралуу айтылды. Ал Кыргыздын 2040-жылга чейин пландалып жаткан узак мөөнөттүү стратегиялык пландын өзөктүү бөлүгү катары эсептелинет.
“Бул долбоор Кыргыздын 2040-жылга чейин пландалып жаткан, узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясынын негизги өзөгү катары пайдаланылат. Биз билимдүү коомду калыптоого жана электрондук экономикага өтүүгө мыкты шарттарды түзүп берчү "Таза коом" долбоорунун негизги идеясын ар бир Кыргыз жаранына жеткирүүнү каалайбыз”, - деген өз сөзүндө Сапар Исаков.
Ошондой эле ал жакын арада “Таза коом” долбоорун ишке ашыруу үчүн кеңешме түзүлөрүн, ага мамлекеттик ишканалардын, бизнес тармагынын өкүлдөрү кирерин белгилеп, андан сырткары бир айдын ичинде аталган долбоордун сайты ачылып иштеп баштаарын, ал сайттан жарандар менен пикир алышуу мүмкүнчүлүгү болорун да билдирди.
Бизнес-биримдигинин өкүлдөрү аталган долбоор учурда аябай керектигин белгилешип колдоого алышарын айтышканы маалым болду.
Белгилей кетсек, “Таза коом” долбоору президент Алмазбек Атамбаев тарабынан демилгеленген. Бул долбоор жарандык коомдун, мамлекеттик түзүлүштүн жана жеке ишкерчиликтин күчү менен ишке ашат.
“Таза коом” жарандар үчүн мамлекеттик тейлөөнү жакшырта турган, жеке ишкерлерге жакшы шарттарды түзүүчү жалпы улуттук жогорку технологиялык долбоор. Бул долбоордун ишке ашышы мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатып, коррупциялык иштерди алдын алуу боюнча курал болуп калат", - деп жазылат маалыматта.