Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Филипп Киркоровдун Бишкектеги концертинен түшкөн каражаттардын суммасы боюнча жана Спорт Ордосунун имаратынын ижарага алынышы боюнча келишимдин айланасында текшерүүлөрдү жүргүзө турганы маалымдалган.
"Creativ Gamma Media Group" ЖЧКсынын жетекчиси Ислам Сатаров бул тууралуу SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди:
"Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бизге эч кандай айып тага элек жана суракка да чакыра элек. Бардыгын мыйзам боюнча, салыкты да, Спорт Ордосунун ижарасын да төлөгөнбүз. Болгону билеттерди карызга алгандар болгон, алардан акчаларды чогултканга убакыт кетип калды. Анын үстүнө концерт өткөрөр алдында Спорт Ордосунун айрым жерлерин өзүмдүн каражатыма бир сыйра жасалгалап чыккам. Ошого байланыштуу төлөм кечиктирилди. Спорт Ордосунун өзүнүн аппаратурасы Филипп Киркоровдун шоусуна жарабайт болчу. Андыктан ырчынын 90 тонна аппаратурасын 6 фура менен Орусиядан бери ташып келдик. Ага да кошумча каражат кетти. Ал эми биздин эмнебизди текшергени жатышканын түшүнгөн жокмун. Кечээ Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкери келди, ал деле мага так суроо берген жок. Булар ижара үчүн төлөнгөн акча кайда жумшалганын текшергени жатышат окшойт", - деди жетекчи.
Эскерте кетсек, башкы прокуратурадан текшерүүлөрдү жүргүзүүгө ырчынын концертинен түшкөн каражаттардын бир бөлүгү максатсыз пайдаланылганы тууралуу интернеттеги маалыматтар жана бул тууралуу аларга түшкөн арыз негиз болгонун билдиришкен.