Ветеринардык инспекция: “Өлкөдө малдан жуккан оорулар менен жабыркаган жарандардын саны кыскарды”

Кыргыз мамлекетинде мал жандыктарынан жугуучу кутурма, шарп, бруцеллёз, эхинококкоз сыяктуу оорулардан жабыркаган жарандардын саны беш эсеге кыскарды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов ветеринардык жана фитосанитардык кызматкерлердин кесиптик майрамына арналган иш-чарада билдирди.

Анда Өкмөттүк аппараттын агро-өнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Далбаев ветеринарларды куттуктап, тармакты жакшыртууга мыкты адистигин көрсөткөндөргө премьер-министрдин атынан ысымы жазылган сааттар менен сыйлады.

“Өкмөт тарабынан жылдан-жылга ветеринария тармагына олуттуу көӊүл бөлүнүп келүүдө. Малды дарылоого мамлекеттик бюджеттен акча каражаты мурунку жылдарга караганда үч эсе көп бөлүнүп жатат. Натыйжада жылдан-жылга малдын ылаӊы жана малдан жуккан адамдардын оорусу да азаюуда. Азыркы учурда республиканын аймагы боюнча эпизоотиялык абал туруктуу. Республика боюнча ири мүйүздүү мал идентификациядан өткөрүлүп, маалыматтык системге киргизилүүдө”, - деди Таалайбек Далбаев.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө республика боюнча 629 948 баш саан уй идентификациядан өткөрүлүп, маалыматтык системге киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан