Кыргыз-Тажик чек арасынан аркар, тоо текенин мүйүздөрүн алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Алай районунун Бор-Дөбө айылындагы кыргыз-тажик чек ара бекетинен аркар жана тоо текенин мүйүздөрүн алып өтүп жаткан жеринен Ош облусунун жашоочусу кармалды. Учурда буга тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатканын бүгүн, 28-апрелде Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин башчысынын орун басары Кумар Мамбеталиев SUPER.KG порталына билдирди.

Мамбеталиевдин билдирүүсүнө ылайык, жаныбарлар Тажикстандын аймагында атылышы мүмкүн.

“27-апрелде биздин департаменттин жана Ош облустук бажы кызматынын инспекторлору менен биргеликте мүйүздөрдү эч кандай уруксат кагаздары жок чек ара аркылуу алып кирип жаткан жаран кармалган. Анда аркардын 7 жуп жана тоо текенин 4 жуп мүйүзү болгон. Ал мүйүздөрдү Тажикстандын Мургап районунан Ош шаарына алып келе турганын, андан ары мүйүздөр Орусияга жөнөтүлөрүн айткан. Учурда бул иш боюнча териштирүүлөр болуп жатат”, - дейт Мамбеталиев.

Ал белгилегендей, КРнын өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы №224-токтомуна ылайык, Кыргыз жеринин аймагында аркар аткандарга 400 миң сом, ал эми тоо теке үчүн 55 миң сом айып салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dasta
2017-04-28 20:30:26
ой тообо муйуздон емне жасайт болду кен
0
bond02
2017-04-28 21:00:30
Ошол муйузду алып бараткан адамдын артына сайыш керек да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан