Мындан 16 жыл мурун, 2001-жылы 28-апрелде биринчи жолу космоско турист учкан. Космонавттар Талгат Мусабаев жана Юрий Батурин менен бирге турист катары Деннис Тито Орусиянын космостук "Союз ТМ-32" кемесинде Байкоңур космодромунан учушкан. Улуту итальян болгон америкалык ишкер Тито космосто 28-апрелден 6-майга чейин болгон. Бул арада Жер орбитасын 128 жолу айланып чыккан. Космоско болгон сапары үчүн 20 миллион доллар төлөгөн. Ага чейин 8 ай даярдыктан өткөн. 2013-жылы Марска туристтерди жөнөтүүгө багытталган долбоорду каржылай тургандыгын айткан.
28-апрелге карата жылнаама.