ЖЫЛНААМА, 29-АПРЕЛЬ: 6 жыл мурун ханзаада Уильям менен Кейт Миддлтон баш кошуп, кылымдын үйлөнүү тоюн өткөрүшкөн

Мындан 6 жыл мурун, 2011-жылдын 29-апрелинде ханзаада Уильям сүйүктүүсү Кейт Миддлтон менен баш кошту. 29 жаштагы ханзаада Уильям Артур Филипп Луис тойдон кийин ханыша чоң энесинин буйругу менен Кембридж герцогу, Стратерн (Шотландия облусу) графы, Каррикфергюс (Түндүк Ирландия району) барону болгон. Уильям – Ханзаада Чарльз Уэльский менен анын биринчи жубайы – ханбийке Диананын уулу, Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II'нин небереси. Ал эми Кэтрин Элизабет Кембридж герцогинясы болгон. Бирок ак сөөктүн тукуму болбогондуктан, ханбийке титулу ыйгарылган эмес. 29 жаштагы Кейттин апасы Элизабет стюардесса, ал эми атасы Майкл авиадиспетчер болуп иштеген. 1987-жылы үй-бүлө «Party Pieces» аттуу компания түзүп, анын артынан миллионер болушкан.

Той телевидение аркылуу түз эфирде берилип бир эле убакта дүйнөнүн түркүн бурчунда жашаган 2 миллиарддан ашык адам көрө алган. Британиянын борборуна тойду көрүүгө миллионго жакын туристтер келишкен. Алардан тышкары миңдеген жергиликтүү жашоочулар да чыгышкан. Букингем сарайынын алдында ММКлар үчүн лагерь уюшулган. Анда Британиядан жана дүйнөдөн бардыгы болуп 8 миңден ашык ММК кызматкерлери болушкан. Баары биригип тойго 1 миң 900 конок чакырылган. Алардын ичинде ханзаада менен колуктунун достору жана туугандарынан тышкары 40тан ашык өлкөнүн өкүлдөрү келген. Жалпы чыгым болжол менен 86 миллион еврону түзгөн.

Жубайлар 2013-жылдын 22-июлунда уулдуу болуп атын Жорж Александр Луи деп аташкан. 2015-жылы 2-майда кыздуу болушкан. Кызынын аты Шарлотта Елизавета Диана.

29-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан