1-майдан тарта Кыргыз жарандарына электрондук биометрикалык паспорттор бериле баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов бүгүн, 29-апрелде SUPER.KG порталына кабарлады.
Маалыматка ылайык, мындай паспорт Борбор Азияда алгачкы жолу Кыргызда колдонула баштайт. Эскерте кетсек, улут тууралуу маалымат паспорттогу чипке жазылары тууралуу маалымдалганда, көпчүлүк нааразы болгон. Мелис Эржигитов улут графасы жаңы паспорттордо чиптин ичине жазыларын, ал жарандын каалоосу менен толтуруларын билдирди:
"Жаран улут тууралуу графаны өз каалоосу менен толтуртат. Кааласа жаздырат, каалабаса ал графа бош бойдон калат. Паспорт 1-майдан баштап бериле баштайт, аны менен Орусия жана Казакстанга баруу мүмкүн. Азырынча легализация иштери жүрүп жатат, ал майды ортолоп бүтсө, электрондук биометрикалык паспорт менен Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөргө баруу мүмкүн болот".
Ал эми буга чейин алынып, мөөнөтү бүтө элек паспорттор жарамдуулугун жоготпойт. Белгилей кетсек, бул паспорттор 31-декабрга чейин бекер берилет.