139 жыл мурун 29-апрелде Бишкекке шаар статусу берилген. Бүгүн борбор калаанын 139 жылдыгы шаар боюнча белгиленип, шаар тургундарына майрамдык концерттер тартууланып оюн-зооктор, сынактар уюштурулууда.
Учурда "Жеңиш" аянтында бишкектиктерге жана шаар конокторуна концерт тартууланып жатат.
"Бишкек шаарынын 139 жылдыгына карата калаанын ар аймактарында иш-чаралар өтүп жатат. "Жеңиш" аянтына Свердлов районунун жашоочулары чогулуп, шаар майрамын концерттин коштоосунда белгилөөдө. Мэрдин чечими менен ар бир райондун тургундарына администрациялар тарабынан майрамдык салтанаттар уюштурулган. Концерттен сырткары спорттук иш-чаралар, спектаклдер да болот. Жалпы шаар тургундарын майрамы менен куттуктайбыз", - деди Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков.
Ал эми айрым мекемелер үчүн бүгүнкү күн кадимкидей иш күнү. "Жеңиш" аянты "Жашылдандыруу" мекемесинин кызматкерлери тарабынан көрктөндүрүлүп жатат.