Акыркы учурда Ысык-Көл жана башка көлдөрдөгү балыктар браконьерлер тарабынан аёосуз кырылып жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынын директору Канатбек Муратбеков кечээ, 28-апрелде өткөн коллегиянын жүрүшүндө айтты.
Көлдөрдөгү балыктардын азайып жаткандыгы браконьерлерге каршы иштердин жүрүшү тийиштүү деңгээлде болбой жаткандыгынан экени маалым болду.
"Жаратылышты жана андагы жаныбарларды коргоо багытында көзөмөлдөөнү күчөтүп, экологияга кол салгандар менен күрөшүүнү жогорулатуу боюнча инспекторлорго тапшырма берилди. Ошондой эле алардын бул багыттагы ишмердүүлүгү "канааттандырарлык эмес" деп табылып, айрым инспекторлорго эскертүүлөр берилди", - деп билдиришти инспекциянын басма сөз кызматынан.
Мындан сырткары инспекторлордун иштерине жоопкерчилик менен мамиле жасоо талап кылынган.