Түндүк Кореянын аскерлери бүгүн, ишемби күнү таңга маал баллистикалык ракетасын ийгиликсиз сынашканын АКШ, Түштүк Корея жана Япония маалымдаганын Риа Новости басылмасы жазып чыкты.
Сыноо иштери Бириккен Улуттар Уюмунда өткөн атайын жыйындан кийин орун алган. Жыйында АКШ Түндүк Кореяга санкцияларды күчөтүүгө, жаңы чектөөлөрдү киргизүүгө даяр экенин билдирсе, Түштүк Кореянын өкүлү Түндүк Кореяны провокациялык аракеттери үчүн БУУнун түзүмүнөн чыгаруу тууралуу ойлонуу керектигин белгилеген.
Түштүк Кореянын аскерлеринин маалыматы боюнча, ракета жергиликтүү убак боюнча саат 5:30дарда Пукчхан районунан учурулган. Америкалык жана япониялык адистер баллистикалык ракета учурулган жеринен 50 чакырым алыстыкта түшкөнүн айтышкан. Анын кайсы түрү учурулганы азырынча белгисиз.
"Бул ракета ушул айда учурулган 3-ракета. Сыналган ракета тууралуу маалымат тараган соң Япониянын башкы катчысы Ёсихидэ Суга Пхеньяндын бул аракеттерин "БУУнун чечимдерин бузуу" деп атаган", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми Түштүк Кореянын өкүлү "Түндүк Корея өрт менен ойноп жатат" деп, эл аралык коомдун эскертүүлөрүнө көңүл бурбаса, Түндүк Корея "тиешелүү баасын" төлөй турганын билдирген. АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына бул сыноо Кытайды сыйлабастык экенин жазган.