Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын 139 жылдыгына карата эски аянтта парад өттү. Иш-чарага шаар мэри Албек Ибраимов, шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев катышып, тургундарга куттуктоо сөздөрүн айтышты.
"Бишкек дайыма өнүгүп жатат. Жолдор оңдолуп, жарыктандырылып жатат. Негизги байлыгыбыз - шаардыктар, эл, өнөрлүү адамдар, ийгиликтүү ишкерлер", - деди мэр өз сөзүндө. Ал эми төрага иш-чаранын катышуучуларын шаардык кеңештин депутаттарынын атынан куттуктап, ийгилик, борборго өнүгүүнү каалады.
Тургундар үчүн Бишкек шаарынын окуучулары өз өнөрлөрүн көрсөтүп, улуттук өнөрдүн алып жүрүүчүлөрү, байкерлер параддан өтүштү.
"Бишкек шаары ар дайым "Бишкек" атынан жазбасын. 139 жылдыгы маанилүү чоң майрам. Элде тынчтык болсун", - дейт 7 жылдан бери Бишкекте жашаган 81 жаштагы пенсионер Жээнтай Кадыралиев.