Бишкекте окуу жайлардын жарманкеси өтүүдө

Бүгүн, 29-апрелде Эркиндик бульварындагы Курманжан датканын эстелигинин алдында бешинчи билим берүү жарманкеси өтүп жатат.

Жарманке балдардын чыгармачыл топтору даярдаган театралдаштырылган көргөзмөсү менен коштолууда. Анда билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү өз окуу жайлары менен тааныштырып жатышат.

"Бул көргөзмө-жарманкеге шаардагы 40тан ашык билим берүү мекемелери катышууда. Алар окуучуларга, кызыккандарга өзүлөрүнүн окуу жайларын тааныштырып жатышат. Мындай иш-чара келечекте кайсы окуу жайда билим алууну чече албай жүргөн жаштарга жол көрсөтөт", - деди жарманкенин уюштуруучусу Алтынай Сыдыкова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан