Президент Алмазбек Атамбаев жер көчкүдөн каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Өзгөн районунун Аюу айылындагы кырсык боюнча видео кайрылуу жасады. Анда аталган айылга 2-3 күн мурун жер көчкү боюнча эскертүү берилгени жана малдын жанын баланын жанынан артык койбоо тууралуу айтылган.

"Бүгүн өлкөдө кайрадан көчкү болуп, Өзгөн районундагы он чакты үйдү басып калды. Баарынан кейиштүүсү 2-3 күн мурун барып көчкүлө десе, укпай "көчпөйбүз" деп болбой коюшуптур. Мен деле айылда өскөм, албетте, көчкүсү келбегендерди да түшүнөм. Жазында даяр жайыт турат, көчкүсү келбейт. Макул, үйдүн ээси көчкүсү келбей жатса, балдардын эмне убалы бар. Малдын башы баланын башынан артыкпы? Ошо балдар аман калса, малын да сатып берет, ишкер болот. Мүмкүн президент болмок ошол балдар. Мекендештериме кайрылат элем малдын жанын, дүнүйөнү баладан өйдө койбосун. Баш аман болсо мал дайыма табылат. Мен деле кембагал үй-бүлөдө чоңойгом. Апам жалгыз коюн аячу эмес. Эсимде бар, окууну бүтүп келсем апам менен атам жалгыз коюн союп беришкен. Мына кээ бирөөнү көчкүнүн алдынан казып чыгара албай жатабыз. Аларга мүлк эмес, 8 метр бөз буйрубай калып жатат. Анткени кээ бирөөнү таппай жатабыз да. Билип туруп көчпөй жаткандарга кайрылат элем, балдарыңардын, жакындарыңардын убалынан корксоңор", - деп айтылат өлкө башчысынын видео кайрылуусунда.

Айта кетсек, бүгүн, 29-апрель күнү эртең менен Өзгөн районунун Заргер айыл аймагындагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, 7 турак жайды басып калган. Анын бирөөсүндө эч ким жашачу эмес, ал эми 6 турак үйдө адамдар жашаган. Алдын ала маалымат боюнча жер көчкү алдында 24 адамдын калганы айтылууда.

Президент жер көчкүдөн каза болгондордун жакындарына көңүл айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
KGstan1981
2017-04-29 14:34:16
Дача-Суудагылар дагын коопту жерде жашашат.Аларга дагын эскертуу бергиле жер бергиле керек болсо уй бергиле кочушсун.Кырсык болсо эле элди кунологон президенти эми коруп жатам.
+6
Seryi-Kardinal
2017-04-29 14:35:46
jakwy soz aita albasa tantybai ele koiboptur da
+10
KGstan1981
2017-04-29 14:38:14
Кудай сактасын мен андай несени тилебейм.Бирок кокусунан Арашанда же болбосо Кой-Ташта жер титироо же сел журсо заамата учуп барса керек биздин президент эмне дейсинер.
+11
Leilektik
2017-04-29 14:47:33
Биринчи дача суулуктарды элден чогулган акчага эртерээк кочуруп алсын аларды боздотпой,кийин суйлосо болмок ,болору болуптур жаткан жери жайлуу болсун деп койбодуда,бирок ойлоптур жини келип суйлоп жатат ,куйуп жатат кыргыз ели учун
+8
Santanna
2017-04-29 15:23:02
Тооба кылдым кырсык коп болуп жатат Кыргызстанда,челпек кылып куран окутуш керек откондорго арнап.
0
dina1983-19
2017-04-29 15:26:10
Көңүл айтыштын ордуна акыл үйрөткөнү эмнеси. Коопсуз жерге үй салып бер анан көч дегиле. Жумушу жок кайсы акчага үй салып көчөт.
+5
Firdaus-Muslim
2017-04-29 15:43:14
«Эх,Кыргыз элим! Өлкөбүз тынч болсо экен. Оо,Жараткан Зат бөөдө—кырсык балээлерден өзүң сактай көр.
+1
Antoshka2016
2017-04-29 16:25:51
Кыз боозуп алып энесин коркутат болуптур го??
+5
mirkaa5182
2017-04-29 17:03:53
Мындай убакта маданияттуу сүйлөп көңүл айтып койсо болмок, өзү ашыкча сөздүн кереги жок эле...
+4
Amir2010
2017-04-29 17:22:16
ХХХ Кудайым бизге дагы жакшы президент берип калаар. Урматтуу ХХХ биринчи озунуз кудайдан корсонуз жакшы болот эле )))
+1
Ajar812
2017-04-29 17:40:28
Айткан менен кайака батат анча уй було .Кочуруш керек вагон берип болсо да
+1
bosmos777
2017-04-29 17:55:34
Туура айтты ! Бул чындык ! Азаматсыз! Ата Эне ушуну эске алышы керек! Эскертуу бергенден кийин кочуу керек.
-8
warrior96
2017-04-29 21:05:53
Конул айткандын ордуна кайдагы создорду суйлойт
+2
altyn7776
2017-04-30 15:05:36
Тандаган тантык Ажого жолугат
+1
adema86
2017-05-02 15:35:28
Конул айтуу деген соз айтпаптырго ажобуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан