Бүгүн, 29-апрелде "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде Улуттук гвардиянын жазгы мөөнөттөгү аскер кызматына чакырылгандар ант беришти. Ага Ооган согушунун ардагерлеринин жана Баткен коогалаңынын ардагерлер кеңешинин өкүлү, Жоокерлердин энелери комитетинин төрайымы, жоокерлердин ата-энелери катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук гвардиянын оркестри чакан концерттик программасын тартуулады. Ошондой эле жоокерлер өнөрлөрүн көрсөтүштү.