300гө жакын адам Өзгөн районундагы жер көчкү алдында калгандарды издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда издөө иштерине ӨКМнын Облустук өрткө каршы куткаруу кызматынан 40 куткаруучу, майор И.Усенбаев жетектеген 33 куткаруучу, капитан И.Абдыбаев жетектеген 31 куткаруучу, ӨКМнын Ош шаардык өрткө каршы башкармалыгынан 40 куткаруучу, полковник Буланов жетектеген 32 куткаруучу, андан сырткары жергиликтүү тургундардан 20 адам, Дөң-Булак айыл аймагынан ыктыярдуу 20 куткаруучу, ИИМден 50 кызматкер тартылды.
Издөө иштери Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун башчылыгында жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, бүгүн, 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында жер көчкү жүрүп, натыйжада 7 турак үйдү басып калган. Анын ичинен 1 турак үйдө эч ким жашабайт. Алдын ала маалымат боюнча болжол менен 6 үйдө 24 жаран көчкү алдында калып калышкан.