"Ататүрк" сейил багында борбор калаанын 139 жылдыгына карата жашоочуларга концерттик программа, театралдаштырылган көрсөтүү тартууланып, спорттук мелдештер өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Октябрь райондук администрациясынын башчысы Нурбек Курманбеков, Шаардык кеңештин депутаттары сөз сүйлөшүп, жаштарды патриоттуулукка чакырышты. Андан сырткары Октябрь районунун спорттук комитети мектеп окуучуларынын арасында чака чапмай, аркан тартыш, эстафета боюнча спорттук мелдештерди өткөрүп, байгелерин тапшырды.