Бүгүн, 30-апрелде борбордук аянттагы мамлекеттик желек түшүрүлүп, өлкө Өзгөндөгү жер көчкүдөн каза болгондорго аза күтүүдө. Тийиштүү жарлыкка Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.
"2017-жылдын 29-апрелинде Ош облусунун Өзгөн районундагы Заргер айылдык аймагынын Аюу айылында адам курмандыктарына алып келген жер көчкү болду. Кырсык биздин жарандардын өмүрүн кыйды. Кыргыздын бүткүл калкы үчүн бул оор жоготуу. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жабыркагандарды жана каза болгондордун сөөгүн издөө боюнча куткаруу иштерин жүргүзүүдө, алардын бир туугандарына жана жакындарына колдоо көрсөтүү боюнча чаралар көрүлүп жатат", - деп жазылат жарлыкта.
Эскерте кетсек, 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында жер көчкү жүрүп, натыйжада 7 турак үйдү басып калган. Анын ичинен 1 турак үйдө эч ким жашабайт. Алдын ала маалымат боюнча болжол менен 6 үйдө 24 жаран көчкү алдында калып калышкан.