Өзгөчө кырдаалдар министрлиги саат 18:00гө карата жер көчкү жүргөн жерде аткарылып жаткан иштер боюнча акыркы маалыматтарды берди.
Азыркы тапта, кооптуу жерде жашап жаткан 40 турак үйдүн жашоочуларына 5 орундуу 30 чатыр куткаруучулар тарабынан коопсуз аймакка тигилүүдө.
Жалпы издөө-куткаруу иштерине тартылган күч каражаттар:
- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 180 куткаруучу;
- Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынан 100 жоокер;
- Ички иштер министрлигинен 50 кызматкер;
- Райондук медицина бөлүмүнөн 15 кызматкер;
- Райондук архитектурадан 12 кызматкер;
- Жергиликтүү тургундардан 40 адам;
- Райондук электр тармактарынан 5 адам;
- Райондук суу чарба кызматынан 1 жүктөгүч;
- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 1 экскаватор тартылган.
Андан сырткары Жарандык коргонуу кызматтарынан жана жергиликтүү элдерден жалпысы болуп 222 адам, 2 атайын техника издөө иштерин жүргүзүшүүдө. Ошондо жалпы 402 адам жана 2 инженердик техника издөө иштерин жүргүзүүдө.
Айта кетсек, бүгүн эртең менен саат 06:40 чамасында Өзгөн районунун Аюу айылында көлөмү болжол менен 200 миң метр куб жер көчкү түшүп, болжол менен 7 турак үйдү басып калган. Анын ичинен 1 турак үйдө эч ким жашабайт. Алдын ала маалыматка ылайык, 24 адам жер көчкүнүн астында калган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, кырсык болгон айылдын тургундарына жер көчкү боюнча эскертүү берилгенин айтышууда. Бирок ага далилдерди келтиришкен жок.