Сооронбай Жээнбеков: "Өзгөндөгү кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн бардык керектүү чаралар көрүлөт"
Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков Өзгөн районундагы жер көчкү болгон Аюу айылына барды. Анда Сооронбай Жээнбеков адам өмүрүн алган жаратылыш кырсыгына байланыштуу көңүл айтып, жергиликтүү тургундардын арасында жабыркагандарга көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдар жана куткаруу-издөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
"Өкмөт тарабынан болгон кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн бардык керектүү чаралар көрүлөт. Мамлекет тийиштүү жардамдын баарын көрсөтөт, биз терең кайгырабыз, бул биздин жалпы кайгыбыз", - деди Жээнбеков.
Ошондой эле ал өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюу боюнча бардык керектүү чаралар көрүлүп, жабыркагандарга жардам берүү иштери азыркы тапта кырсык болгон жерде жүргөн Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов менен Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашовдун көзөмөлүндө болорун кошумчалады.
Айта кетсек, бүгүн эртең менен саат 06:40 чамасында Өзгөн районунун Аюу айылында көлөмү болжол менен 200 миң метр куб жер көчкү түшүп, болжол менен 7 турак үйдү басып калган. Анын ичинен 1 турак үйдө эч ким жашабайт. Алдын ала маалыматка ылайык, 24 адам жер көчкүнүн астында калган.