Учурда Орусиянын Сибирь жана Алыскы Чыгыш аймактарында президент Владимир Путинге каршы "Тажаттың" акциясы өтүп жатат. Бул тууралуу айрым орусиялык жана украиналык басылмалар жазышууда.
Маалыматтарга ылайык, акцияны оппозициялык "Открытая Россия" партиясы уюштурган. Анын алкагында Владимир Путиндин кабылдамасына 2018-жылы президенттик шайлоого катышпоо тууралуу өтүнүчтөрдү жиберүү пландаштырылган. Өлкөнүн көпчүлүк шаарларында, анын ичинде Москва жана Санкт-Петербургда акцияны өткөрүү макулдашылган эмес.
Айрым маалымат булактарында шаарларда акциянын кээ бир катышуучулары камалып жатканы жазылса, айрымдарында полиция кызматкерлери журналисттерди сабап жатышканы тууралуу жазылат.