Кыргыз жери кооз жаратылышы менен Орто Азияны гана суктандырбай, бүтүндөй дүйнө элин өзүнө тартып келет. Өлкөнүн ар бир дубаны кооз жаратылышка, шаркырап аккан сууларга, көк тиреген аска-зоолорго бай. Чүйдүн аймагындагы "Ала-Арча" жаратылыш багы бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынган. Анда аңчылыкка, мал союуга, от жагууга, дарактарды кыюуга жана таштандыларды таштоого тыюу салынган. Жаздын келиши менен аталган бакка эс алууга баргандардын саны көбөйөт. Тилекке каршы, алардын басымдуу бөлүгү тыюу салууларга карабай, каалагандай эс алып, артынан жыйнабай кетишет. Ал эми бакты көзөмөлдөөчүлөр тарабынан көңүл кош мамиле жасалат.
Мындан сырткары жолдун четиндеги сынган бутактар, куураган бийик чөптөрдүн сөңгөктөрү, таштандылар жаратылыштын көркүн кетирүүдө. Мындан улам жаз алды менен ишембилик өтпөгөнү көрүнүп турат.
Ал тургай мал жаюуга тыюу салынса да, үйүр-үйүр жылкылардын жайылып жүргөнүнө күбө болдук.
Чет өлкөдөн келген конокторду президентибиз сыймыктануу менен дал ушул "Ала-Арча" багына алып келет. Аларды таң калтырган жаратылышты өзүбүз кадырлай албай жатканыбыз өкүндүрөт.