Өмүрбек Текебаев күбөлөр суралып бүтмөйүнчө сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартты

Бүгүн, 12-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Отурумга түштөн кийин эки күбө келип көрсөтмө берди. Күбөлөрдүн бири Канат Абутанов 2010-жылы кеч күздө Өмүрбек Абдрахмановдун жубайы Бейил Айдакеева менен жолукканын айтты.

2010-жылы убактылуу жумушсуз жүргөм. Ноябрь айынын аягында Айдакеева менен жолуккам. Мен Айдакеевага Рыкунованын тапшырмасы менен жолугушуп сүйлөшкөм. Айдакеева аркылуу Өмүрбек Абдрахманов менен Рыкунованын жолугушуусун камсыздамакмын. Биз "Мегаком" боюнча сүйлөшкөнбүз. Ошондо Айдакеева миллион доллар көтөрүп адамдар "Мегаком" боюнча маселеге кызыкдар болуп жүргөнүн айткан. Кийин алар жолугуштубу же жокпу айта албайм", - деди Абутанов.

Ал эми экинчи күбө Эркин Исаков бул иш боюнча маалымат каражаттары аркылуу билгенин жана эч нерсе айта албасын билдирди. Мамлекеттик айыптоочу болсо, орус ишкерлерин Текебаевдин бөлмөсүнөн көрүп-көрбөгөнүнө кызыкты. Ага Исаков "Мен көргөн эмесмин. Бул боюнча маалыматым жок" деп жооп берди.

Андан соң мамлекеттик айыптоочу күбөлөр Абдылдаева, Бахтаев, Эшембаевдердин сотко келе албагандыктан алардын көрсөтмөлөрүн окуп берүү өтүнүчүн келтирди. Бирок жактоочулар Эшембаевдин ооруганы боюнча тийиштүү документтер бар экенине ынанып, калган эки күбөнү сотто камсыздоо зарыл экенин билдиришти.

Айыпталып жаткан Өмүрбек Текебаев болсо күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү иштин жагдайын өзгөртүп жатканын айтып, сотто күбөлөр сөзсүз суралышы керектигине токтолду.

"Эки күбө абдан маанилүү көрсөтмөлөрдү берди. Бири Айдакеева боюнча айтты. Ишенген күбөсү Исаков да келип маселени ачыктап отурат. Келе турган эки күбө да келип ушуга окшогон ишке маанилүү көрсөтмөлөрдү берет деп ойлойм. Ошондуктан алар сөзсүз келиши керек", - деди Текебаев.

Сот Эшембаевдин көрсөтмөсүн окуп берип, калган күбөлөрдү сотко чакыруу керектигин айтты.

Калган күбөлөр келбеген соң сот айыпталуучуларды суроого өтүүнү чечти. Бирок айыпталуучу тарап, күбөлөр толук суралып бүтүшү керек экенин айтып, көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Ошол эле учурда мамлекеттик айыптоочулар иштин материалдарын изилдөөгө өтүүнү сурады. Сот тараптардын пикирин угуп, отурумда күбөлөр болбой калган учурда иштин материалдарын изилдөөгө өтөрүн айтты. Айыпталып жаткан Өмүрбек Текебаев соттон мындан ары айыпталуучу тараптын күбөлөрүн суроого өтүүнү суранды. Сот тараптардын пикирин угуп өтүнүчтү канааттандырды. Мындан улам соттук отурум 13-июлга жылдырылды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mikra
2017-07-12 16:34:00
Омурбек Чиркешовичке боштондук.балдарына жалко кызына байкуш.тезирак актанып чыгыныз Тилек.кылам.
+6
Leilektik
2017-07-12 18:17:15
Омурбек Текебаев акталып чыгышын билет ,билмексен болуп турмодо отуруп алып сот,прокурор,президент,озуно каршы душмандарын ачык жузун коруш билиш учун ойнотуп жатат апендилерди,Текени жакшы билбейт окшойт алдап койсом болоберет деп,эртен баарынды сусот бекер кылатасынар бул шоуну,элге Ким кара екенин тастыктап берейин деп коп караларды коргозуп койду башы кучтуу екен,физик сабагын суйгон физикага салып жатат буларды
0
Snejana
2017-07-13 00:55:47
Текебаев чыкса, жакшылык кутпогуло. Бийликтеги акмактарды бирден терип, сапырат. Текебаевдин акталып чыгышын каалайм. Президенттик шайлоодо, Текебаевди шайлайм. Мага ал киши эч ким эмес, жон гана бийлик тарабынан кысым болгондон кийин, оюм озгорду, башкача айтканда бийликтин Текебаев учун жасаган бут тосуулары, анын пайдасына чечилип аткан ондуу.
0
jbolotov
2017-07-13 03:13:32
Текебаевке бийлик тарабынан кысым болгону чын, бирок Текебаев суттон ак эмес, бир убактарда озун Кудай сезип мородер болгонуда аныкталган эле. Мыйзамдуу олкодо баарына чара корулуп жооп бериш керек. Камап койсо эле элге жаккан создорду айтып журобербей.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан