Чоң-Алай районунда 3-майдан бери болуп жаткан жер титирөөдөн улам миңге жакын турак жай жабыркады

Чоң-Алай районунда 3-майдан бери болуп жаткан жер титирөөдөн улам миңге жакын турак жай жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-май күнү Жарандык коргонуу комиссиясы жер титирөөнүн кесепеттерин аныктоо максатында изилдөө иштерин жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл аймагында жалпы 960 турак жай жабыркаган. Анын ичинен 106 турак үй 1-категорияга, 201 турак үй 2-категорияга, 295 турак үй 3-категорияга, 353 турак үй 4-категорияга, 4 үй 5-категорияга киргизилген.

Айта кетсек, 3-май жана 5-май күндөрү Кыргыз-Тажик чек арасында күчү 7 баллга чейин жеткен бир канча жер титирөө катталган. Жергиликтүү тургундар турак үйлөргө түнөөдөн коркушуп, чатырларда күн кечирип жатышат. Аталган жерде 6-майга караган түнү да жер титиреди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
mr.cana
2017-05-06 13:37:30
Бугун 13-05, 13-10 дун тегерегинде дагы титиредиби же коркконго кош корунот болдубу?
+3
Medinaa
2017-05-06 13:42:59
Аллахым сактасын!Тынчтык болсун ылайым!
+3
bakulya2015
2017-05-06 14:06:29
Титиреда бугун да
+4
safia16
2017-05-06 14:51:42
Кар да кете элек экен,суукта кыйын болуптур.Сабыр тилейм Бир тууган журтум.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан