Кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев СССРдин баатыры Сагадат Нурмагамбетовдун жаркын элесине арналып Казакстанда өтүп жаткан бокс боюнча эл аралык мелдеште финалга чыкты. Маалыматка ылайык, Азат Үсөналиев 3 жолу беттеш өткөрүп, финалга чыгуу үчүн казакстандык мушкерди жеңип алган. Мындан сырткары дагы бир кыргызстандык мушкер Эрмек Сакенов казакстандык спортчуну жеңүү менен коло медалга татыды. Бул мелдешке 10 өлкөнүн спортчулары катышууда. Белгилей кетсек, мелдеш 9-май күнү башталган. Бүгүн, 13-майда финалдык беттеш, жеңүүчүлөрдү сыйлоо, мелдештин жабылышы болот.