"Малика Дина алдамчылыкка шектелип кармалган жок, азыр ооруканада, эртеӊ ага операция жасалат" дейт Динара Акулова

Бүгүн, 17-майда ырчы Динара Акулованын кызы Малика Дина алдамчылыкка шектелип кармалганын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Бул окуя тууралуу Динара Акуловага байланышканыбызда буларды билдирди.

"Эч кандай кармалбай эле турат. Ал мурункусу, мурун да ушундай бир ызы-чуу болбоду беле? Алдамчыларды кармай элек. Аларды кармамайынча ишти жаппайт турбайбы. Андыктан кызымды тигилерди тапмайынча суракка ала беришет экен. Маликаны өзүм Дубайдан келери менен тосуп алдым. Ал жактан ооруп келген болчу. Ооруканага жаткырдым, хирургиялык кийлигишүү зарыл болгондуктан эртеӊ ага операция жасалат", - дейт ырчы.

Ал эми кайсы ооруканада экенин, эмнеси ооруп жатканын ырчы айым айтуудан баш тартты.

Айта кетсек, 2017-жылдын башында Динара Акулованын кызы Малика Динанын үстүнөн Чүй облусунун Аламүдүн РИИБине арыз келип түшкөн. Анда ырчынын кызы ижарага унаа алып, аны кайтарып бербей жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
surgeon777
2017-05-17 20:43:25
Неге ишенбейсинер?Кудай сактасын силерди,бирок адам баласына кээде ушундай балээлер жабышып турат,бир кунго бироонун машинесин ала коём деп башына балээни уйуп алган экен кыз,андай догурунган доогер адамдар дан Кудай сактасын деп ырчы кызга ден-соолук тилейли,кантсе да белгилуу адамдардын кызы анчалык алдамчылыкка барбаса керек...
+18
Kroxa
2017-05-17 20:45:49
Пейил деген кетти го элден..ар ким оз иши менен болсо.алса алгандыр берсе бергендир..кимдин иши канча.,Пиар болсо керек..килтейген Текебаев Жапаров караланып жатат бул чычкандай кыз кеппи??
+10
love.me.again
2017-05-17 20:51:00
Ушул кыз аябай эле апасын кыйнап койду журуш турушу. Куйоосу менен да ажырашып... апасы кантсе да эне да. Артын тазалап эле журот байкушю а кызв эне болсо да акылы жок кыз экен. Ощунун машинеси турганда не кылат арендага айдап. Ккйоосу да жаш бала экен москваада шарактап.
+10
AIZAD
2017-05-17 21:44:18
love.me.again,папасын тарткан го Малика.;)
+10
Makain
2017-05-17 21:16:43
Атасына окшошуп калганго Малика.Абдумалик акам да коп алдаган.
+18
erkeleim
2017-05-17 21:49:45
Чунак кыз десе апасын коп кыйнап койду жалгыз чонойтту эле Динара эже эмгегин актаса болмок карга да баласын аппагым дейт таламын талашатта байкуш эне атасынын онорун оркундотуп жатат Малика
+5
Bahira
2017-05-17 22:37:54
Билбей туруп эле,анализ чыгара бербесенер Маликанын деле башы барда,тооба кантип эле сатып жиберсин жасалма документ жасап,азыр адамдарда ынсап деген жок Маликуш сага ийгилик жакшы болуп кет а Динара эжеге сабыр
+4
Erkin86
2017-05-17 22:41:54
Кайсы эне эле баласын калп эле ооруп жатат десин. Мен да энемин. Коруп билбегенден кийин эч нерсе айта албайм. Ооруу баарыбыздын башыбызга келчуу нерсе. Эч ким оорубасын, эч кимдин энеси сыздабасын.
+7
Snejana
2017-05-18 01:08:17
Азыр эч кимге ишенбеш керек. Динара Акуловадан бир нерсе чонураак ондургусу келип аткан ХХХ бар да, менттер менен суйлошуп алып иштеп атышат да. Азыр билишет кимден ондуруп, кимдин канын сорушту. Уяты жок догурунгандар кобойуп кетти. Убакыт токтоп калбайт, бул кундор дагы отот. Динара эжеге ден-соолук,сабыр тилейм. Маликага ыйман берсин.
+3
zarlyk2211
2017-05-18 04:04:09
Аллахым шыпаасын берсин! Алдагандар табылып калсын.
0
aerforce
2017-05-18 04:57:13
Пиар
0
almanbetperm
2017-05-18 07:56:02
Артисттерде да барбы ооруп калмай
-1
Izdeim_seni.
2017-05-18 07:58:06
Канын тартат деген туура окшойт. Абдумалик да бир уезде ызы чуу салган жагынан астына эч кимди салчы эмес эле
+2
netsa
2017-05-18 09:16:01
шантаж окшойт
+1
admin_portal
2017-05-18 10:35:02
baltabaev, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
admin_portal
2017-05-19 14:48:09
altyn7776, далилсиз маалыматтарды жазуудан алыс болуңуз. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан