Ырчы Динара Акулованын кызы Малика Динанын үстүнөн Чүй облусунун Аламүдүн РИИБине арыз келип түшкөн. Анда ырчынын кызы ижарага унаа алып, аны кайтарып бербей жатканы айтылган.
"Учурда ал арыздын негизинде териштирүү иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында юридикалык баа берилет. Кылмыш иши козголгон жок", - деди Чүй ОИИББинин басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов.
Бул тууралуу Динара Акуловага кайрылганыбызда, төмөнкүлөргө токтолду:
"2016-жылдын 30-декабрь күнү кызым Малика Дина жана достору ижарага унаа алышып, аны эки күндөн кийин алып барып бериш керек болгон. Бирок жол алыс болуп калгандыктан, ал күнү келе албай калышып, бир күн кечиктиришкен. Ошол учурда унаа ээси милицияга арыз жаза коюптур. Төлөбөй качып кетишет деп корксо керек. Унаанын бир күндүк ижара акысы 6 миң сом экен. Бир күн кечиктиргени үчүн деп айыбы менен 12 миң сом төлөп, унаасын тапшырганбыз. Болгону эле ошол, эмнеге ызы-чуу болуп кетти билбейм. Балким, бирөө эле мени таанып калып, атыма шек келтириш үчүн ушундай кылып жатабы деп ойлойм".