Башкы прокуратуранын алгачкы жетекчиси Чолпон Баекова 70 жашка толду. Юрист, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чолпон Баекова 1947-жылы 18-майда Ош облусунун, Куршаб айылында туулган.
Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин 1969-жылы бүтүрөр замат 22 жашында дароо эле прокурорлук кызматка келип отурган. Кийин Башкы прокурордун жардамчысы, Жогорку Соттун судьясы, Ысык-Көл облсотунун төрайымы, Жогорку Кеңештин туруктуу комиссиясынын төрайымы болуп иштеген. Ал башкы прокурор болуп иштеп, 1991-1993-жылдары жаңы органдын түптөлүшүнө өзүнүн баа жеткис салымын кошкон.
18-майдын жылнаамасы.