Депутат Майрамкүл Тиленчиева Кочкор районунун Молдо Кылыч айылындагы жана Комсомол айылындагы мектептерде болуп, эмгек жамааты жана окуучулары менен жолукту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы бүгүн, 13-майда билдирди. Эл өкүлү аталган 2 мектепке ЖКнын атынан экиден төрт компьютер жабдуусу менен белек кылды. Белгилей кетсек, буга чейин депутатка район акими жогоруда аталган мектептер компьютерлерге муктаж болуп жатканы боюнча кайрылган. Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары 2-майдан 8-майга чейин аймактардагы шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүштү.