Бүгүн, 19-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту УКМКнын алдындагы митингде кармалгандардын ишин карап жатат. Милиция кызматкерлери Калыбек Бекназаров жана Элтерес Алтынбек уулу жабырлануучу катары өтүп жатат. Кармалгандардын жактоочусу Шарабидин Токтосунов соттон журналисттерге фото, видео тартууга уруксат берүү өтүнүчүн келтирди. Бирок ага мамлекеттик айыптоочу дароо каршы болду. Судья Марат Сыдыков өтүнүчтү канааттандырган жок. Мындан улам Шарабидин Токтосунов сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү.
"Сиз жактоочулардын баары сунуш келтирсе да канааттандырган жоксуз. Коомчулук карап турат, соттолуучулардын укугун бузуп жатасыз. Мен сизди сотту акыйкаттуу алып барарыңызга ишенбейм", - деди Токтосунов.
Ошондой эле жактоочулардын бири Акин Токталиев: "Сиз жаңжал чыгып кетиши мүмкүн деп фото, видеого уруксат берүүдөн баш тарттыңыз. Эмне, өзүңөр тополоң чыгаралы деп жатасыңарбы?" - деди.
Андан соң судья өтүнүчтү аппеляциялык тартипте кароо чечимине келди.
Айта кетсек, 25-мартта УКМКнын алдында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдоо митингинде жалпы 105 адам кармалып, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алардын ичинен 64 адам 2 суткадан 5 суткага чейин Бишкек ШИИББинин кабыл алып бөлүштүрүү жайына киргизилген. Ошондой эле 12 адамга административдик айып салынып, 2 адамга эскертүү берилген. Калгандары менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары кармалгандардын 12сине кылмыш иши козголуп, алар 2 айга камалышкан. Алардын арасында Рустам Жапаров бар. Бул кылмыш иши "бейбаштык", "милиция кызматкерине кол көтөрүү", "бирөөнүн мүлкүн сындыруу" беренелеринин негизинде экени айтылган.
Митинг учурунда 5 милиция кызматкери жабыркаган.