Бүгүн, 31-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда белгиленген Садыр Жапаровдун соту соттун катчысынын ооруп, жумушка келбегендигине байланыштуу болбой калды. Кийинки отурум 2-августта улантылат.
Сот имаратынын алдында Жапаровду боштондукка чыгаруу талабы менен чогулган эл тарай элек.
Кошумчалай кетсек, Жапаровго бүгүн сотто акыркы сөз берилип, чечим чыгарыларын анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов маалымдаган эле.
Эскерте кетсек, 24-июлдагы отурумда прокурор Садыр Жапаровду 15 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратууну суранган.