Кечээ, 13-май күнү өлкөнүн түштүк аймагындагы мектеп окуучуларынын арасында “Сабырдуулук – дүйнөгө жол” деп аталган окутуу башталды. Иш-чаранын негизги максаты - коңшу мамлекеттердин элдери менен болгон достук мамилени бекемдетүүгө жардам кылуу жана окуучулардын сабырдуулук маданиятын калыптандыруу. Маалыматка ылайык, мектеп окуучуларына чек араны туура кесип өтүү эрежелери боюнча маалымат берилүүдө. Иш-чара Мамлекеттик чек ара кызматы жана “Эл аралык сабырдуулук” коомдук фонду тарабынан уюштурулууда.