Ат-Башыда токко тартылып аймактык ооруканада жаткан 11 жашар кыз Бишкектеги ооруканага которулду
Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Алмазбек Баатырбеков жана Майрамкүл Тиленчиева Нарындагы иш сапарында Ат-Башы райондук ооруканасында болуп, көмөк чордонго токко тартылып оор жаракат алган мектеп окуучусу Айгерим Дүйшөнбаеванын абалы менен таанышты. Дарыгерлер өз учурунда чара көрүлгөндүктөн кыздын абалы турукташканын билдиришти. Депутаттардын сунушу менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын жабдыктары бар "Тез жардам" унаасы Айгеримди Бишкектеги ооруканага жеткирди. Жабыркаган кыз мындан ары борбордогу дарыгерлер көзөмөлүндө болмокчу. Эске сала кетсек, 28-апрель күнү Нарын облусунун Ат-Башы районунда 4-класстын окуучусу электр энергиясын бөлүштүрүүчү көмөк чордонго (трансформатор) токко тартылып, аймактык ооруканага жеткирилген. Кыздын белинен өйдө жагы күйүккө кабылган.