“Кыргызстанда шайлоо өткөрүүдө 3 негизги маселе бар”. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясы боюнча Улуттук кеңештин жыйынында президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев билдирди. Айтымында, шайлоо өткөрүүдөгү 1-маселе мыйзамда болгон чечимдер бат кабыл алынып жаткандыгы, 2-укуктук маселелер, башкача айтканда шайлоого багытталган мыйзамдын аткарылбай жатышы, 3-маселе техниканын жетишсиздиги.
“Бул маселелерди жоюу үчүн жумушчу топтор түзүлүп, тиешелүү иштер жүргүзүлүп, жыйындар өткөрүлөт. Бул жыйындарга ар бир фракциядан 2 депутаттан катышышат”,- деди ал.
Ошондой эле таза шайлоо өткөрүү үчүн калкты каттоо жүргүзүлүү керектигин белгиледи. “Биз жарандарга шайлоочулардын тизмесине киргендиги тууралуу маалыматты билүүгө шарт түзүп берүүбүз керек. Ошондой эле шайлоо комиссиясы менен байланыштын болушу зарыл. Мурунку өткөн президенттик шайлоодо өздөрүн тизмеден таппай, шайлоого катышпай калган жарандар болгон, кийинки шайлоолордо мындай катачылыктар кайталанбашы керек”,- деди ал.