УКМК: "Бишкектеги филармониянын жанында колго жасалган жардыруучу затка окшош муляж табылып, зыянсыздандырылды"

Бишкектеги филармониянын жанында колго жасалган жардыруучу затка окшош муляж табылып, зыянсыздандырылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя болгон жерде УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери иштеп жатышат. Муляж боюнча тергөө башталды.

Буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы филармониянын имаратынын жанындагы шектүү коробкадан эч кандай жардыруучу зат табылбаганын билдирген эле.

Айта кетсек, бүгүн эртең менен саат 07:37 чамасында милицияга маалымат келип түшкөн. Анда Кыргыз улуттук филармониянын имаратынын жанында шектүү коробканын табылганы тууралуу айтылган. Мындан улам ал жер курчоого алынган болчу.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан