Бишкекте филармониянын имаратынын жанындагы шектүү коробкадан жардыруучу зат табылган жок. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Айта кетсек, бүгүн эртең менен саат 07:37 чамасында милицияга маалымат келип түшкөн. Анда Кыргыз улуттук филармониянын имаратынын жанында шектүү коробканын табылганы тууралуу айтылган. Мындан улам ал жер курчоого алынган болчу.