Бишкекте филармониянын имаратынын жанында шектүү буюм табылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен саат 07:37 чамасында милицияга маалымат келип түшкөн. Анда Кыргыз улуттук филармониянын имаратынын жанында шектүү коробканын табылганы тууралуу айтылган. Азыркы тапта ал жер курчоого алынып, сапёрлор иштеп жатышат.