“Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясы элдин талабы менен төп келиши керек”,- деди Экономика министри Темир Сариев бүгүн, 14-майда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында КРны туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында . Айтымында, “Кумтөр” маселесинен кийин эл арасында кооптонуу жаралды. “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” дегендей, тоо-кендерин иштетебиз десек эле элдин баары экология маселесин көтөрүп жатат”,- деди министр.