“Улуттук стратегия өкмөткө гана эмес, баарыбызга тиешелүү”,- деди президент Алмазбек Атамбаев 14-майда өлкөнү өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында. Мамлекет башчысы билдиргендей, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегияда жазылган тапшырмаларды сөзсүз аткаруу керек.
“Ушул стратегияда камтылган маселелерди чечүүнүн ордуна кайрадан программа түзгүңөр келип жатат. Болгону министрлер ушул тапшырмаларды аткарууга аракет кылуусу керек. Улуттук стратегияны аткармак тургай, бир барагын ачып окуп койбогон министрлер да бар. Супер кооз программаларды ойлоп таппай эле койгула, ушул жерде жазылган нерселерди аткаралы. Бийликтин бутактары чогулуп, Кыргызстанды көтөрүү керек”,- деди президент.
Айта кетсек, жыйында аталган кеңештин бир катар мүчөлөрү өкмөттүн стратегия боюнча программасы кечигип жатканын айткан болчу.