Ат сүйрөп каза болгон кыз Асема Токтобекова тартып жаткан тасмада иштеп жаткан

Ат сүйрөп каза болгон кыз актриса, режиссёр Асема Токтобекованын тасмасынын тартуучу тобунда иштеп жаткан. Бул тууралуу Токтобекова социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазып чыкты.

"Хадижа... Бир тууган болуп калдык эле баарыбыз. Биздин киногруппабыздын администраторун жоготтук...", - деген ал баракчасындагы билдирүүсүндө.

Асема Токтобекованын жакын адамдарынын бири SUPER.KG порталына кырсыктын чоо-жайын айтып берди:

"Хадижа тасманын үстүндө иштеп жаткандарды толуктап, алардын тамак-ашын камдатып, уюштуруу иштерин аткарып жүрчү. Ал күнү тартуучу топ менен тасма тартылып жаткан аянтка барган. Топтогулар тасма тартууга алаксып кетишкен. Бир учурда аттын ээси "ат келди, кызыңар жок" деп келгенде, тартуучу топтогулар Хадижаны издеп таап, ызы-чуу түшүп, "Тез жардамды" чакыртышыптыр, бирок ал жолдон кайтыш болуптур".

1992-жылкы Хадижа Исмаилова кечээ, 25-майда Сокулукка жерге берилди.

Эскерте кетсек, 24-майда Чүй облусунун Панфилов районунда тасма тартуучу топтун мүчөсү Хадижа Исмаилова каза болгону тууралуу маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
rysik79
2017-05-26 13:22:53
Арты кайрылуу болсун!!!!
+6
rysik79
2017-05-26 13:23:20
Байкушум ай..
+1
Patirot
2017-05-26 13:47:58
Толук жазсанар канча жашта кайерден болот
+8
Seryi-Kardinal
2017-05-26 15:14:45
Асеманы соттогула
-10
Drongo
2017-05-26 16:07:53
Seryi-Kardinal,

Асемада эмне куноо,атайын кылган жок да.Кырсык.
+2
admin_superstan
2017-05-26 16:36:30
RaHat19, жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынган.
0
aerforce
2017-05-26 17:28:18
Арты кайрылуу болсун кырсык айтып келбейт бирок окуганы окубаганы деле кино тартаберишет каскабер деген болот коопсуздук эреже деген болот бири колуна видео алсакинчиси тартыла бербей кызды атка миндирип койуп каякты карашып журушот кыз киши атка минчу болсо жанында аьандап турасынго коркуп
+2
kamchatka
2017-05-26 19:10:00
Асема кино тартбай эле койсо маданиятка чон салым кошкон болоор эле!
+6
AzKumFerDan
2017-05-28 19:18:42
Бул да ажал.Асеманы бул олумго куноолобогуло .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан