MegaCom компаниясынын абоненттери Улуу Жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн SMS марафонго жигердүү катышты. Уюлдук оператор мындай марафонду жыл сайын өткөрүп келет. Быйыл өткөрүлгөн марафондо абоненттер 1945 кыска номуруна 22 миң SMS жөнөтүшкөн. "Улуу Жеңиш!" акциясынын жыйынтыгында 470 400 сом (салыктардан тышкары) топтолгон.
Өз операторуна арткан ишеними жана ардагерлерге көрсөткөн урматы, аларга жасаган астейдил мамилеси үчүн компания абоненттерине ыраазычылык билдирет. Жөнөтүлгөн ар бир билдирүү өзгөчө маанилүү. Топтолгон каражаттар 588 адамга даректүү жардам катары таратылат. Алардын катарын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана майыптары түзөт.
Компания өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети тарабынан түзүлгөн тизмеге ылайык акча каражаттарынын бардыгына бирдей бөлүнүп берилишине кепилдик берет. Акциянын жыйынтыгы тууралуу маалымат менен компаниянын расмий сайты, Facebook, Instagram, Twitter жана Одноклассники социалдык тармактарынын расмий баракчалары жана да ММК аркылуу таанышууга болот.
Эскерте кетсек, салтка айланып калгандай, 9-Майга карата MegaCom ар бир колдоого алынган ардагерге жеке каражаттарынын эсебинен 2000 сомдон бөлүп берди. Алар үчүн майрамдык концерт, «Жакындарга чалуу» жана «Полктошторуна чалуу» акысыз линиялары уюштурулду.
Эч ким, эч нерсе унутулбайт!