Бишкек шаарында чет өлкөлүк жарандарга карата каракчылык фактысы катталды. Алдын ала маалымат боюнча, жабырлануучулар Кытайдын жарандары болгон.
Маалыматка ылайык, окуя 17-ноябрда саат 16:00 чамасында Лев Толстой көчөсүндө болгон. Белгисиз адамдар Кытай жарандарына кол салып, алардан 1 миллион долларды тартып алышкан. Андан соң шектүүлөр окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, учурда шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кылмыш ишинин тергөө жүрүшү жетекчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө.