Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын кызы Ким Чжу Э лыжа тээп жаткан сүрөттөрү менен коомчулуктун көңүлүн бурду.
Расмий сүрөттөр жарыялангандан кийин анын кийген кийиминин баасы социалдык тармактарда талкуу жаратып, колдонуучулар кийимдин канча турарын божомолдоп жатышат.
Сүрөттөр Түндүк Кореянын KCNA мамлекеттик маалымат агенттиги тарабынан жарыяланган.