Он жыл мурун ханзаада Уильям менен Кейт Миддлтон Таж-Махалдын жанындагы отургучта сүрөткө түшүшкөн. Дал ошол жерде бир кезде ханбийке Диана жалгыз өзү сүрөткө түшкөн.
Эми ханзаадалык түгөйлөр Индияга кайрадан барышты. Үч күндүк сапардын алкагында алар Мумбай шаарында болуп, Earthshot сыйлыгын тапшыруу аземине катышат. Ошондой эле жергиликтүү балдар менен крикет ойноп, Болливуд өкүлдөрү менен жолугушат.
Кейт Миддлтондун сапарга катышары сарай тарабынан акыркы күнү гана ырасталган. Оорудан кийин ал чет өлкөгө сейрек чыгып жүргөндүктөн, бул сапар ал үчүн өзгөчө мааниге ээ.