Элебесов көчөсүндөгү жолду оңдоо иштери аяктап, ачылыш аземи болду

Бүгүн, 14-майда Элебесов көчөсүндөгү жолду оңдоо иштери аяктап, жолдун ачылыш аземи өткөрүлдү. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, “Алкан базары” ЖЧКсы оңдогон жолдун узундугу 1300 метрди, туурасы 8 метрди түзөт. Жолдун ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов катышып, мамлекеттик жана жеке өнөктөштүктүн алкагында мындай иш-чаралардын мааниси чоң экендигин белгиледи. “Бизнес чөйрөсүнүн мамлекеттик чарбага колдоо көрсөтүшү эң жакшы жөрөлгө. Мындай жол менен көптөгөн социалдык маселелерди чечүүгө болот жана бул саамалык биргелешкен аракеттердин үлгүсү болуусу керек”, - деди ал. Аталган жолду оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде башталып, 1-майында аяктады. Бир айлык мөөнөттүн ичинде жол чуңкурларын бүтөө иштери жүргүзүлүп, андан соң 6 сантиметр калыңдыктагы жаңы асфальт төшөлүп, оңдоо иштерине 5 миллион 500 миң сом жумшалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан