Ош шаарындагы жолдорду оңдоого 2013-жылга карата республикалык бюджеттен 17 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражатка жалпы 94 чакырым жол оңдолмокчу. Түштүк калаадагы Масалиев, Петров, Ленин, Ташкент, Айни көчөлөрүн оңдоо иштери 25-майда аяктамакчы. Жолду оңдоо иштерине 60 жумушчу жана 15 атайын техника тартылган.