Депутаттар премьер-министрдин комитет жыйындарына эмне себептен келбей жатканына кызыгышты

Бүгүн, 14-майда ЖКнын Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети өкмөттүн 2012-жылдагы аткарган ишинин жыйынтыгы боюнча отчётту угууда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин комитет жыйындарына эмне себептен келбей жатканына кызыгышты. Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөт башчы ар бир комитеттин жыйынына катышууга физикалык мүмкүнчүлүгү жок экенин айтып, өкмөт башчы бошобой жатканын билдирди. “Премьер-министр кызматтык иштерине байланыштуу учурда бош эмес. Бүгүн Улуттук кеңештин жыйыны болуп, ага катышты. Комитеттерге өзү катышпаганы менен баарын көзөмөлдөп турат. Премьер-министр фракция жыйындарына жана пленардык жыйынга сөзсүз келет”,- деди Оторбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан