Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

Президент Алмазбек Атамбаев “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзамды Жогорку Кеңеш 18-апрелде кабыл алган. Ал салык төлөөчү тарабынан бюджетке алдын ала төлөм катары төлөнүүчү пайдага салыктын суммасын эсептөө механизмин өзгөртүү максатын көздөйт. Алсак, кабыл алынган мыйзамга ылайык, салык төлөөчү экинчи кварталдан тартып квартал сайын салыктык отчёт берүүгө жана отчёттук мезгилден кийин келүүчү экинчи айдын 20сынан кийин кечиктирбестен пайдага салыктын алдын ала суммасын бюджетке төгүүгө милдеттүү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан