Бишкек шаарында 12 127 адам курал колдонууга мыйзамдуу укук алган. Аларда 17 923 даана курал бар. Куралдардын 10 655и жылмакай дүрмөттүү, 2898 сайлуу курал, 3829у газ тапанчасы. Мындай маалыматты
14-майда Бишкек шаардык ИИББинин коомдук тартипти сактоо башкармалыгынын курал алууга уруксат берүү бөлүмүнүн кызматкерлери журналисттер менен болгон жолугушуу учурунда айтты. 2013-жылдын 4 айында “Арсенал” рейдинин негизинде курал алып жүрүүгө уруксаты бар 2070 адам текшерүүдөн өткөн. Булардын ичинен укук бузуу фактысы боюнча 171 адам катталып, анын 166 фактысы ок атуучу куралдарды туура эмес сактоо боюнча айыпталган. Аларга карата административдик жаза колдонулган. Мындан сырткары жүргүзүлгөн рейд учурунда 14 348 даана ок дары, 30 даана жарылуучу зат, 9 даана ок атуучу куралды шаар тургундары өз ыктыяры менен милицияга өткөрүп беришкени белгилүү болду.